Көп берилүүчү суроолор
Эмне акысыз, эмне акылуу?
Диагностикалык тест, упай жана бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүү — акысыз. Акылуу — каталарды талдоо жана темалар боюнча машыгуу (сезондук же айлык доступ).
SMS-код келбей жатат. Эмне кылуу керек?
Номер +996 менен башталганын жана туура жазылганын текшер. Бир мүнөт күтүп, «Кайра жөнөтүүнү» бас. 10 мүнөт код жок болсо — колдоого жаз.
Банк картасыз кантип төлөйм?
Капчык же QR менен: Элсом, О!Деньги, MegaPay, Balance. Карта милдеттүү эмес.
Ата-энем төлөп берсин десем?
Төлөм экранында «Ата-энеге шилтеме алууну» басып, WhatsApp менен жөнөт. Ата-энең өз телефонунан төлөйт — доступ сенде автоматтык ачылат.
Ата-энем төлөдү, бирок доступ ачылган жок
Адатта доступ бир мүнөттүн ичинде ачылат. Баракты жаңырт; 5 мүнөттөн ашса — колдоого жаз, тез чечебиз.
Репетитордон кодум бар. Кайда жазам?
«Төлөм» экраны → «Репетитордон жеткиликтүүлүк коду» талаасы → «Колдонуу». Код бир жолку.
Тесттен кийин эмне болот?
0–245 шкаласындагы упайыңды жана бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүүнү көрөсүң. Андан ары — ар бир катанын талдоосу жана алсыз темалар боюнча машыгуу (акылуу доступта).
Доступ бүттү. Жыйынтыктарым жоголдубу?
Жок. Өнүгүү, тесттер тарыхы жана ачылган талдоолор сакталат. Жаңы тесттер менен машыгуулар гана жабылат — даяр болгондо доступту узарт.
Тест учурунда интернет үзүлдү. Баары жоголдубу?
Жок. Жооптор жергиликтүү жана серверде сакталат, таймер серверде эсептелет. Кайра кир — ошол жерден уланасың.