Жеке маалымат саясаты
Долбоор — текст юрист тарабынан текшерилет.
Эмнени чогултабыз
Телефон номери, аты, классы, тапшыруу тили, тест жыйынтыктары жана жоопторуң. Техникалык: маскаланган IP, түзмөк түрү.
Эмне үчүн
Сервис иштеши үчүн: SMS менен кирүү, прогрессти сактоо, каталарды талдоо. Жеке эмес жооптор тапшырмалардын сапатын жакшыртат.
Жашы жете электер
Сервисти окуучулар колдонот. Катталууда өзүнчө белги менен макулдук бересиң — текст жөнөкөй тилде. 14кө чейин болсоң — ата-энеңден катталууну сура.
Укуктарың
Профилде: маалыматыңды жүктөп алуу (JSON), номерди алмаштыруу, аккаунтту өчүрүү — SMS ырастоодон кийин телефон менен аты өчүрүлөт; жооптор жеке эмес бойдон калат.
Кимге беребиз
Эч кимге сатпайбыз. Төлөмдү — провайдер, SMSти — оператор иштетет.